Тартиптештирилбеген системалар
Көрүнүш
Тартиптештирилбеген системалар – атомдорунун жана молекулаларынын жайгашуусунда так тартип (ирет) болбогон конденсациялык абалдагы заттар.
Суюк, аморфтук жана айнек сымал заттар, о. эле катуу эритмелер Тартиптештирилбеген системалар болот. Аниондору гана иреттүү түзүлүштү түзүүчү асыл металлдардын халькогениддеринин айрым жогорку температуралуу фазалары Тартиптештирилбеген системалардын өзгөчө классын түзөт. Легирленген кристалл жарым өткөргүчтөр да төмөнкү температурада алардын электрондук касиеттеринин көзкарашында Тартиптештирилбеген системаларды түзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0