Тарыхчиев Ахун

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Тарыхчиев Ахун (1903-жылдары азыркы Базар-Коргон району, Кыргыз Гава кыштагы) - колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948) 1939-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-ж-биринчилерден болуп колхозго өтүп, аны чыңдоого активдүү катышкан. Ошол эле жылы «Кыргыз-Гава» колхозунун председатели болуп шайланган. Анын жетекчилиги менен чарбанын экономикасы бир кыйла чыңдалып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйгөн, малдын саны жана анын тунардуулугу арткан. 1948-ж. 50 бээден 50 кулун алынган.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.