Тарыхый материализм

Википедия дан

Тарыхый материализммарксизмдин социалдык-философиялык теориясы. 20-кылымдын ортосунан тартып К. Маркс, Ф. Энгельс, К. Каутский, Г. В. Плеханов, В. И. Ленин, А. Лабриола, А. Грамши жана башка тарабынан иштелип чыккан. Тарыхый материализм коом жана анын тарыхы тууралуу бүтүндөй бир окуунун синоними болуп саналат: анткени анда коом тууралуу философиялык билимдердин дээрлик бардык компоненттери камтылган.
Тарыхый материализмдин негизги идеясы материалдык өндүрүштүн коомдун өнүүгү өзүшүндө аныктоочу ролу тууралуу мыйзамында чагылдырылган. Анын негизги мазмунун адамзат тарыхын жалпы жана маңыздуу чагылдырган коомдук-экономикалык формациялардын концепциясы түзөт. Тарыхый материализмдин теориясында төмөнкүдөй үч өңүттү айырмалоого болот:
1) коомдун өнүгүшү табигый-тарыхый процесс болуп саналат, башкача айтканда объективдүү мыйзамдар боюнча жүрөт;
2) тарых адамдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болуп саналат жана тарыхтын субъективдүү факторлору болуп саналган эл массалары менен инсандардын тарыхый ролунан, таптык күрөштөн, революциялардан, партиялардын жана башка коомдук уюмдардын ишмердигинен көрүнөт;
3) коомдук прогресстин корутундусу болуп ченем, адамдын инсан катары өнүгүүсүнүн толук кандуулугу саналат. Тарыхый материализмдин өнүгүшү (бул термин 1890-жылы гана пайда болгон, ага чейин аны тарыхты материалисттик түшүнүү деп аташкан) анын негиздөөчүлөрү тарабынан начар жана өтө начар изилденген проблемалардын багыты боюнча жүргөн.

Сөз саясий-укуктук, руханий-идеологиялык факторлордун, социалдык психологиянын, ошондой эле адам, анын маңызы, коомдон алган орду, анын эркиндиги, тагдыры, инсан катары калыптануусунун мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу окуулардын коомго тийгизген активдүү тескери таасири тууралуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө тарыхый материализм социалдык философиянын негизги багыттарынын бири. Ушундай сапатта ал неомарксизм, илимий-техникалык детерминизм, социалдык позитивизм жана диний социософия менен катар жашоо укугуна ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]