Тасма жарым аралы

Википедия дан

Тасма жарым аралы, Ичке Тасма, Сары-Дөбө – Ысык-Көлдүн четки чыгыш жээгиндеги жарым арал, Түп жана Жыргалаң булуңдарынын аралыгында жайгашкан аймак. узундугу 20 км, туурасы 10 кмден ашык. Тасма антиклиналдык структурасынын батышты карай чөккөн бөлүгү. Анын суу алдындагы уландысы 25 кмге (70 м тереңдикке) чейин созулат. Көп (борбордук, түштүк) бөлүгү түзөн, аккумуляциялык жээк, айрым жерлери лагуна тибинде; рельефтин эолдук формалары кездешет. Көлгө кирип турган тумшугунун туурасы 2–2,5 км (чыгышты карай кеңейет). Түндүк жагы (Сары-Дөбө бөлүгү) Ичке-Тасма тоолорунун антиклиналдык (неоген-плейстоцен) уландысынын талкаланган калдыктары, рельефи жапыз кырлуу, колоттуу. Жарым аралдын батышында голоцендик тектирлердин туурасы 1,7 кмге жетет. Тектирлер кум жалчалуу келип, камыш, жекен, өлөң чөп, чычырканак ж. б. өсөт. Түндүк этегин ар кыл өсүмдүктүү шалбаа ээлейт. Көл менен чектеш кум-ылайлуу булуң-буйткалар, лагуналар, тумшуктар, таза кумдуу пляждар рекреация үчүн ылайыктуу. Аймагынын табигый ландшафтында кургак талаа басымдуу; азыр айдоого (негизинен кайрак жерге) айланган. Көп бөлүгү аңчылык чарбасына кыргоол көбөйтүү үчүн берилген. Жарым аралдын жээктеринде суу шилеп чыгарган 14–18-кылымга таандык идиштердин сыныктары кездешет. Географиялык карталарда, орус тилиндеги адабияттарда жарым арал «Сухой хребет» деп аталып жүрөт. Бирок анын жергиликтүү нукура аталышы – Көкөкулусун, Сары-Дөбө, Тасма.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]