Тастарата тоосу

Википедия дан

Тастарата тоосу - Ысык-Көлдүн түштүгүндө; Тоң, Кажы-Саз, Көкбел өрөөндөрү м-н чектешет.

Тоң ж-а Тосор сууларынын аралыгында кеңдик багыт б-ча 24 кмге созулуп жатат. Орт. бийикт. 2900 м, эң бийик жери 3908 м (Тастарата чокусу). Тоо Каракемер, Карышкыруюк, Сарыкүнгөй, Тузбулак, Курманбайтөш, Кууганды, Күнтийбес, Жапектин Сарыкүнгөйү ж. б. майда тармактардан куралат. Кыры тайпак, капталдары кыска ж-а жантайыңкы, кокту-колоттор аз.Тегерегиндеги өрөөндөрдүн тамандарынан 1300–1500 м бийик жатат. Негизинен девон м-н рифейдин андезиттүү порфирит, туф, мраморлошкон акиташ тектеринен турат. Тоонун түн. капталына карагай токою, бадал, арча аралашкан шалбаалуу талаа (2800 м бийиктикке чейин), андан жогору субальп ж-а альп шалбаалары талаасы мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2