Тастыктама (сертификат)
Көрүнүш
Тастыктама (сертификат) (фр. certificat , орто кылымдагы лат. certified – күбөлөндүрөм) – 1) белгилүү бир фактыны күбөлөндүрө турган жазуу жүзүндөгү күбөлүк (кеменин деңизде жүрүүсү жөнүндөгү Т., деңизде жүк ташуу Т., эмдөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндөгү Т.); 2) мамлекеттик органдардын зайымдык каржы милдеттенмеси; ал адатта анча чоң эмес акчада чыгарылып, майда жана орто ээликтештердин арасына жайгаштырылат, ошондой эле кредиттик уюмдарга салымдардын чегерилгендигин ырастай турган документ (м.: аманат (депозиттик) Т.); 3) камсыздандыруу Т., ал камсыздандыруу келишиминин шарттарын камтып, камсыздандыруу полисин алмаштырат; 4) тышкы иштерде – соода-өнөржай палатасы, лабораториялар же тастыктоо кат борборлору тарабынан берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7