Татьяна Зеленская

Википедия дан

Татьяна Зеленская – сүрөтчү, активист, Кыргызстанда коомдук жана саясий темаларга тарткан көркөм сатирасы менен белгилүү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татьяна Зеленская 1984-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында төрөлгөн.

Кичинекей кезинен эле сүрөт тартууга кызыгып, живописти өз алдынча үйрөнгөн. Шаардагы №55 мектепти аяктагандан кийин Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясына “пром-график дизайнери”[1] адистигине тапшырган.

Татьяна Зеленская иллюстрациялар, плакаттар, анимациялар менен алектенет, социалдык долбоорлорго жигердүү катышып келет.

Популярдуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы Татьяна Зеленская “Бир жолу мени ала качып кетишкен” долбоорунун автору жана сүрөтчүсү болгон. Кыргызстанда кыз ала качуу –курч социалдык көйгөй. Долбоордун алкагында ала качууга дуушар болгон кыздардын окуялары чогултулган. Алардын башынан өткөргөндөрүн айтып бергендери сүрөтчү жараткан образдарда камтылган. Кыска анимациялык видеолор кеңири жайылган. Бул долбоордун монтажы жана анимациясы менен Татьяна Зеленскаянын күйөөсү Егор Танков алектенген.

Дагы бир катар эмгектери сүрөтчүнүн ысымын калың журтка угузган. Айталы, 2019-жылы Зеленская коррупцияга айыпталып жаткан белгилүү саясий ишмер Раим Матраимов (сделать ссылку на его персону в Википедии) тууралуу сатиранын автору болгон.

Бир жылдан кийин Татьяна Зеленская дөңгөлөк асылган аял чагылдырылган сүрөттү жарыялаган – бул Кыргызстанды дүрбөлөңгө салып, нес кылган окуяга сүрөтчүнүн реакциясы эле. Социалдык тармактарда тараган видеодо моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялды күйөөсү башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чапкылап жатканы тартылган[1]. Бул окуя өлкөнүн аймактарынын биринде болгон. Зеленскаянын бул сүрөтү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштүн символуна айланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татьяна Зеленскаянын күйөөсү – Егор Танков – сүрөтчү, аниматор.

Жубайлар эки баланы тарбиялап жатышат.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылдан бери сүрөтчү 8-мартка карата аялдардын укугун коргоону талап кылган марштарга катышып келет. Ошондой эле Зеленская тынч митингдерге да катышып турат.

Болочок сүрөтчү үйрөнчүк, ал Көркөм академияга өткөнгө чейин сүрөт курстарына барган эмес.

2021-жылдын сентябрь айында Татьяна Зеленская Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду[2][3].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Азыркы Кыргызстандын символуна айланган сүрөттөрү менен таанымал Татьяна Зеленская тууралуу фактылар // [https://limon.kg/ru/news:74428 ]
  2. Дөңгөлөк асылган аял – коомдун кейиштүү жүзү // https://www.azattyk.org/a/suzakta-ayalyn-urgan-erkek-kamaldy/30668894.html
  3. https://kloop.kg/blog/2020/06/13/nasilie-v-otnoshenie-zhenshhin-kyrgyzstana-v-odnoj-illyustratsii-hudozhnitsy-tatyany-zelenskoj/