Ташболотов Арстан
Көрүнүш
Ташболотов Арстан (1920, Мончокдөбө айылы - 1987, Айрытам айылы) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-43).
- 1936-40-жылдары мектепте мугалим, “Кызыл Октябрь” колхозунда табелчи-бухгалтер,
- 1943-47-жылдары “Хохлов”, “1-Май” колхоздорунда башкы бухгалтер,
- 1947-52-жылдары Эл депутаттарынын Ала-Бука райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары,
- 1953-57-жылдары Фрунзе, Куйбышев атындагы колхоздордун башкармасынын төрагасы,
- 1957-85-жылдары “1-Май” колхозунда башкарманын төрагасынын орун басары, кой, уй фермаларынын башчысы болуп иштеген.
- II даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6