Ташиев, Бакай

Википедия дан
Ташиев Бакай

Ташиев Бакай - обончу, аткаруучу Манас районунун Бала-Саруу айылында 1952-жылы 20-октябрда туулган. 1970-жылы Арал айылындагы А.Үсөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1970–1972-жж. Монголия Эл Республикасында армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1976–1980-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1980–1981-жж. Сокулук районунун, 1981–1984-жж. Манас районунун, 1984–1986-жж. Талас шаарынын маданият үйлөрүндө директор, 1986–1992-жж. Кыргызсовпрофсоюздун Өздүк көркөм чыгармачылык үйүндө бөлүм башчы, 1992–1994-жж. Кыргыз телерадиокомитетинде редактор, 1994–2000-жж. Чүй облустук маданият башкармалыгында башкы адис, 2000–2006-жж. Чүй облустук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын 30дан ашык обондору бар. Акын Анасбек Жумалиевдин сөзүнө жазылган «Жашыл көчө» деген ыры алгачкы обону болуп эсептелет. 1982-жылы жеке пластинкасы жарыкка чыккан.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ак жылдыз» созу Б.Курманкуловдуку
  • «Адамдарга кайрылуу» созу А.Өмүркановдуку
  • «Врач кызга» созу А.Жумалиевдики
  • «Жашыл көчө» созу А.Жумалиевдики
  • «Жолугуу» созу Б.Курманкуловдуку
  • «Көлгө келсем» созу А.Жумалиевдики
  • «Кыздарга» созу А.Ажыгуловдуку
  • «Майрам шаңы» созу А.Жумалиевдики
  • «Махабат кыялы» созу А.Жумалиевдики
  • «Махабаттуу терезе» созу А.Жумалиевдики
  • «Мөл булак» созу А.Жумалиевдики
  • «Мугалимдерге» созу К.Курманбаевдики
  • «Сабиркан» созу Молдо Багыштыкы
  • «Сагындым» созу Э.Токонованыкы
  • «Өтүнүү» созу А.Өмүркановдуку
  • «Ысык-Көлгө суктануу» созу А.Жумалиевдики
  • «Энекем» созу Н.Жетикашкаеваныкы ж.б.
  • «Атайга тартуу» – күү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]