Камчыбек Ташиев

Википедия дан
Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевич‎»‎ барагынан багытталды)
Камчыбек Ташиев
Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев
Камчыбек Ташиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын
улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
желек
желек
 16-октябрь, 2020
Президент: Садыр Жапаров (м. а)
Андан мурунку: Орозбек Опумбаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
желек
желек
2010 — 2013
Президент: Роза Отунбаева
Алмазбек Атамбаев
Желек
Желек
Жогорку Кеңештин lV чакырылышынын депутаты
2005 — 2007
Президент: Курманбек Бакиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри
2007 — 2009
Өкмөт башчысы: Игорь Чудинов
Президент: Курманбек Бакиев
 
Жарандыгы: СССР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жери: Барпы айылы Сузак району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Балдары: 4 баласы бар
Партиясы: Мекенчил
Ата-Журт
Билими: Кыргыз Улуттук Университет
Кесиби: юрист

Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев (27-сентябрь, 1968 : Барпы, Сузак району, Жалал-Абад облу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы (2020—а.у). Жогорку Кеңештин экс-депутат, Өзгөчө кырдаалдар министри (2007—2009).Кыргыз Республикасынын Баатыры(2022)

«Мекенчил» партиясынын төрагасы (2020—а.у), «Республика Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы (2015—2020) .

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынын лидери.
Улуту- кыргыз.
Үй- бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Жалал-Абад областынын Сузак районунун Барпы айлында 1968-жылы 27-сентябрында туулган.
1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин “инженер-химик” адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1987 – 1989-жылдары Советтик Армиянын катарына кызмат өтөгөн.
    1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.
    1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген.
    2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
  • 2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин Аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштеген.
  • 2003-2005-жылдары Ленин районун мамлекеттик администрациясында раймамадминистрациянын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
  • 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
  • 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынынөзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, министр болуп иштеген.
  • 2010-жылдын декабрынан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” депутаттык фракциянын төрөгасы болуп саналат.
  • 2020-жылы 16-октябрда Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин башчысы болуп дайындалган[1].

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылы 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин № 471 Жарлыгы менен Камчыбек Ташиевге “генерал-майор” деген наам берилген.
мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чинине ээ.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/516-TASHIEV_Kamchybek_Kydyrshaevich__Ata_ZHurt_deputattyk_frakciyasy_.aspx(жеткиликсиз шилтеме)

  1. И.о. президента Киргизии назначил нового главу Госкомитета нацбезопасности