Мазмунга өтүү

Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич

Википедия — ачык энциклопедия
Шаирбек Ташиев
Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич
Шаирбек Ташиев
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты
 
Жарандыгы: кыргыз
Дини: ислам
Туулган жылы: 16-сентябрь 1976-жыл
Туулган жери: Барпы айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу
Партиясы: «Мекенчил» депутаттык тобу

(Бир мандаттуу округ)

Билими: Жалал-Абад Коммерциялык институту,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы

Кесиби: коммерциялык ишкер
Ишмердүүлүгү: 2000 - а.ч.

Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич (16-сентябрь 1976-жыл, Барпы айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын (№14 Жалал-Абад шайлоо округу), «Мекенчил» депутаттык тобунун депутаты. Жогорку Кеңештин «Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш» боюнча комитетинин мүчөсү[1].

Шаирбек Ташиев — 1976-жылы 16-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган.

Жогорку билими бар. 1997-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтун «Коммерциялык ишкердүүлүк» адистиги боюнча аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан “Бизнес башкаруу” багытында магистрдик даража алган. 2011-жылы Москва шаарындагы Бажы академиясын ийгиликтүү бүтүргөн.

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.

  • 2000-жылы — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Эл аралык бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгек жолун баштаган.
  • 2001-жылы — Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясында жетектөөчү адис болуп иштеген.
  • 2001–2003-жж. — Мамлекеттик монополияга каршы комиссияда жетектөөчү жана башкы адис кызматтарын аркалаган.
  • 2003–2013-жж. — ар кандай кызматтарда — инспектор, улук инспектор, башкы инспектор, посттун башчысы, ошондой эле Жалал-Абад бажы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
  • 2015–2021-жж. — “Джалал-Абадский нефтеперерабатывающий завод” ЖЧКсын жетектеген.
  • 2016–2020-жж. — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон.
  1. 1 2 Депутат Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2025.