Ташка коюлган жыгачта(тактайда) турмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт,

Оюнда колдонуучу аспап. Узундугу 50 см. келген коло жыгач.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар ташка када жыгачты ортосу менен коюшуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташка коюлган када жыгачтын эки учтарына буттары коюшуп, жерге тийишбестен, тең салмактарын жоготушпастан көпкө чейин турууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Тең салмагын жоготпой, буттары менен жерге таянбай жыгачта көпкө чейин турган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдор менен кармоого, буттар менен таянууга, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн туруктуулукка, салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]