Ташкент мамлекеттик техникалык университети
| Ислам Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университети (ТМТУ өзб. TDTU) | |
| | |
| Расмий аталышы |
өзб. Islom Karimov nomidagi Toshkent davlat texnika universiteti |
|---|---|
| Эл аралык аталышы |
англ. ashkent state technical University Named after Islam Karimov |
| Мурунку аталыштары |
Ташкент политехникалык институту (ТашПИ)[1], өзб. Toshkent politexnika instituti (ToshPI) |
| Негизделген жылы |
1920-жыл |
| Түрү |
мамлекеттик |
| Ректору |
Турабжанов Садритдин |
| Студенттери |
12 000 |
| Жайгашкан жери | |
| Юридикалык дареги |
Ташкент, Университет көч., 2 |
| Сайты | |
Ислам Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университети (англ. Islom Karimov nomidagi Toshkent davlat texnika universiteti) — Ташкенттеги мамлекеттик жогорку окуу жайы[2].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ташкент мамлекеттик техникалык университети — Өзбекстандагы эң эски жогорку окуу жайлардын бири. 1918-жылы 21-апрелде «Түркстан улуттук университетинин» курамындагы чакан техникалык факультет катары түптөлгөн.
Аталыштарынын өзгөрүү хронологиясы:
- 1923-ж.: Инженердик-мелиорация факультети.
- 1929-ж.: Орто Азия пахта-ирригация институту.
- 1933-ж.: Орто Азия индустриалдык институту (САИИ). Тоо-кен, курулуш жана энергетика институттарынын биригишинен түзүлгөн.
- 1949-ж.: Орто Азия политехникалык институту (САПИ).
- 1961-ж.: Ташкент политехникалык институту (ТашПИ).
- 1973-ж.: Абу Райхан Беруни атындагы Ташкент политехникалык институту.
- 1991-ж.: 6-майда Өзбек ССРинин Президенти И. Каримовдун жарлыгы менен азыркы Ташкент мамлекеттик техникалык университети катары кайра түзүлгөн.
- 2017-ж.: Университетке Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун ысымы берилген.
ТМТУ Өзбекстандагы 16 башка жогорку окуу жайдын жана колледждин түзүлүшүнө негиз болгон. Алардын айрымдары:
- Фергана политехникалык институту (1967)
- Ташкент автомобиль жолдору институту (1972)
- Наманган инженердик-экономикалык институту (1973)
- Бухара тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялык институту (1977)
- Самарканд архитектура институту (1980)
- Ташкент химия-технологиялык институту (1991)
- Навои мамлекеттик тоо-кен институту (1995)
1991-жылдын 27-июнунда университетке Абу Райхан Берунинин ысымы ыйгарылган[3].
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2017-жылдын 25-январындагы жарлыгына ылайык, 2017-жылдын 23-июнунда Ташкент мамлекеттик техникалык университетине Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылган.[4][5][6].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ К истории развития технического образования в Узбекистане.
- ↑ Именем Каримова в Узбекистане назовут завод, аэропорт, университет и улицы. StanRadar (26 -январь (үчтүн айы) 2017).
- ↑ Постановление Кабинета Министров при Президенте Республики Узбекистан от 27 -май (бугу) 1991 года № 175 «О присвоении имени Абу Райхана Беруни Ташкентскому государственному техническому университету
- ↑ Об увековечении памяти Первого Президента Республики Узбекистан Ислама Абдуганиевича Каримова (25 -январь (үчтүн айы) 2017).
- ↑ Постановление Президента Республики Узбекистан от 25 -январь (үчтүн айы) 2017 года № ПП-2744 «Об увековечении памяти Первого Президента Республики Узбекистан Ислама Абдуганиевича Каримова
- ↑ Постановление Кабинета Министров Республики Узбекистан от 23 -июнь (кулжа) 2017 года № 417 «О внесении изменений и дополнений, а также признании утратившими силу некоторых решений Правительства Республики Узбекистан (постановление Президента Республики Узбекистан от 25 января 2017 года № ПП-2744 «Об увековечении памяти Первого Президента Республики Узбекистан Ислама Абуганиевича Каримова»)
