Таштак топурак

Википедия дан

Таштак топурак – түрдүү өлчөмдөгү (3 ммден чоңураак) жана формадагы тоо тек сыныктары (таштар) бар топурак. Ташынын аз же көптүгүнө жараша аз, орто жана өтө таштуу топуракка айырмаланат. Ташы аз топуракта 1–10%, орто таштуу топуракта 10–20%, өтө таштуу топуракта 20%тен көп таштуу фракциялар болот. Таштак топурак сууну жакшы өткөрөт, көбүнчө жүзүм, мөмө-жемиш багын өстүрүү үчүн пайдаланылат. Таштак топуракты жакшыртуу үчүн майда топурак, органикалык жер семирткич чачуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]