Ташым Байжиев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ташым Байжиев
220px
Туулгандагы ысымы:

Ташым Искакович Байжиев

Туулган жери:

Тепке айылы Пржевальск уезди, Семиреченск Орусия империясы (учурда Ак-Суу району, Ысык-Көл областы, Кыргызстан)

Жарандыгы:

ССРС СССРКыргызстан Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

филолог, прозаик, Калып:Адабиятчы, Калып:Адабий критик, драматург, Калып:Котормочу

Жанр:

повесть, баян, пьеса

Bizdin.kg
Чыгармалары Уикитекада.

Байжиев, Ташым Искакович (1909–1952) - адабиятчы, сынчы, драматург.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ташым Искак (Ыскак) уулу Байжиев 1909-жылы падышалык Орусиянын Жети-Суу үйөзүнүн Теңизбай айылында (Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тепке айылында) туулган.
1925-жылы Байжиев айылдашы К.Жантөшев менен Фрунзеге келип педтехникумга кирип, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат.
1930–1931-жж. Гүлчөдөгү балдар үйүнүн директору, Жалал-Абаддагы педтехникумдун окуу бөлүмүндө башчы болуп иштеп, тил жана адабияттан, тарыхтан сабак берет.
1940-жылы Фрунзедеги пединституттун орус тил жана адабият факультетин бүтүрүп чыгып, тарых жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүн башкарат.
1942-жылы өз ыктыяры менен согушка кетип, 1944-жылы жарадар болуп тылга кайтат.

1944–1949-жж. Т.Байжиев Кыргыз илимдер академиясына (ал кездеги СССР ИАсынын Кыргыз филиалына)  караштуу «Манас» секторунун башчысы, 1949–1950-жж. Кыргыз мамлекеттик пединститутунда мугалим болуп иштейт.

1927-жылы ал «Кызыл Кыргызстан» гезитинин алдында курулган «Кызыл учкун» адабий уюмунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири болуп, кийин Кыргыз Жазуучулар союзу уюштурулганда М.Элебаев, Ж.Жамгырчиев, Ж.Бөкөнбаев, К.Жантөшев, С.Сасыкбаев ж. б. менен бирге СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот.

1950-жылы Т. Байжиев айыпсыз куугунтукка алынып репрессияланган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. 1952-жылы 17-февралда Караганда лагеринде каза болгон. 1955-жылы толугу менен күнөөсү акталган.

Чыгармачыл ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Т. Байжиевдин 1927–1928-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде «Чабуул», «Маданият жолунда» журналында Ташымдын «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Тер-Сууда», «Суу боюнда» ж. б. чакан повесть, аңгемелери чыгат.

1930–1940-жж. Т.Байжиев өзүнүн чыгармачылыгын сынга, адабият таануу жана тил илимине жумшайт. Адабиятчы Зияш Бектенов менен бирдикте Кыргыз грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болот.

Т.Байжиев театр ишине да бир топ эмгек сиңирген. 1944-жылы анын Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы «Советтик Кыргызстан» журналына басылып чыккан. Кыргыз драма театрында анын котормосу боюнча А.Треневдин «Любовь Яроваясы», А.Островскийдин «Сепсиз кызы» коюлган. Т.Байжиев И.Тургеневдин, Л.Толстойдун, Д.Фурмановдун, А.Фадеевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1936-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Сталиндик репрессия[оңдоо | булагын оңдоо]

Сталиндик коммунисттик цензуранын айынан Ташым Байжиев жана анын кесиптештери Тазабек Саманчин менен Зыяш Бектенов 1950-жылы көп жылдык абакка жазыксыз жерден кесилишкен.

Өздөрүн актаган мезгилге жетсе да, Тазабек Саманчин менен Зыяш Бектенов кийинчерээк деле кодулоого учурашкан. Ал эми Т.Байжиев өлгөндөн кийин гана 1956-жылы акталган.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

1989-жылы Кыргыз драмтеатрында жазуучунун 80 жылдыгына арналган «Кыргыз жигиттер» пьесасы коюлган.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Эне тили. Башталгыч мектептердин 4-жылы үчүн эне тил сабактары (З.Бектенов менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 52 б.
  • Кыргыз тили. Грамматика жана жазуу эрежелери. 3-4-окуу жылы. 2-басылышы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 104 б.
  • Кыргыз тили. Грамматика жана жазуу эрежелери. 3-4-окуу жылы. (З.Бектенов менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 130 б.
  • Кыргыз тили орфографиясынын (имласынын) сөздүгү. (Т.Актанов, К.Бакеев менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 94 б.
  • Биздин адабият. Хрестоматия. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 216 б.
  • Биздин адабият. Хрестоматия. – Ф.: Кыргызмамбас, 1945. – 244 б.
  • Биздин адабият. Хрестоматия. (З.Бектенов менен бирге).–Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 284 б.
  • Кыргыз тили. Окуу китеби. (З.Бектенов менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 102 б.
  • Кыргыз тили. Окуу китеби. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 96 б.
  • Биздин адабият. Хрестоматия. (З.Бектенов менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 282 б.
  • Биздин адабият. Хрестоматия. (З.Бектенов менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 280 б.
  • Кыргыз адабияты. (Фольклор) 8-класс үчүн. (З.Бектенов менен бирге). – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 283 б.

Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Распе Э. Мюнхаузендин башынан өткөндөрү. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 110 б.
  • Фурманов А. Чапаев. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 375 б.
  • Тургенев И.С. Бежин шалбаасы (Бежин луг). – Ф.: Киргизгосиздат, 1939. – 30 б.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4)
  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
  • Байджиев М. Т. Ташим Байджиев: Литературный портрет на фоне эпохи. — Бишкек: Изд-во «ЖЗЛК», 2004. — 304 с.;
  • Байджиев М. Т. Мой отец // Слово Кыргызстана. — 2004. — 20 авг. — С. 11, 12;
  • Байджиев Ташим Исхакович // Писатели Советского Киргизстана: Справочник. — Фергана: Адабият, 1989. — С. 131—132.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]