Таш иштетүү
Көрүнүш
Таш иштетүү – табигый ташка керектүү форма жана кооздук берүү процесси. Ал негизинен үч операциядан турат: араалап-кесүү, кырларын жумурулоо жана беттерин жылмалоо. Биздин заманга чейинки эле жүргүзүлүп келген. Мисалы, таштарды бөлүп-жаруу иштери – 20–30, араалап-жылмалоо – 5–8, ал эми ташты механикалык жол менен иштетүү 5–3 миң жыл мурда (биздин заманга чейинки) эле пайда болгон. Таш иштетүү процесси экиге бөлүнөт: механикалык жана механикалык эмес. Механикалык – ташты кесүү же уруу жолу менен ишке ашырылат. Механикалык эмес иштетүүнүн термиялык, ультраүндүү, гидравликалык, электр гидравликалык д. у. с. түрлөрү болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9