Мазмунга өтүү

Таш кескич машина

Википедия — ачык энциклопедия

Таш кескич машина – карьер жана шахтадагы тоо тек тутумунан керектүү өлчөмдөгү ташты кесүүчү аппарат. Анын жардамы менен каптама дубал таштары, ири дубал блоктору жана сом блоктор алынат. Таш кескич машина адатта рельс боюнча өзү жүрүүчү туруктуу рамадан турат. Рамага кесүүчү аспаптарды айландыргыч жана машинаны жылдыргыч орнотулган. Таш кескич машинада кесүүчү аспап катары диск формасындагы араа, шакек сымал фреза, катуу тиштер менен жабдылган тизмектүү жана штангалуу багыттагыч рама колдонулат. Таш кескич машиналар пайдаланылышы, алынуучу продукциянын түрү, кесүү бийиктиги, операцияларды аткаруу принциби боюнча айырмаланат. Таш кесип алуунун бир кыйла рационалдуу технологиялык схемасын колдонууга мүмкүндүк берүүчү конструкцияларды түзүү, кесүүчү аспаптарды өркүндөтүү, кесилген ташты жана анын калдыктарын жыйноо жана тизүүнү механикалаштыруу, машинанын негизги түйүндөрүн жана аны башкарууну автоматташтыруу таш кескич машинаны өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]