Твардовский Александр Трифонович

Википедия дан

Твардовский Александр Трифонович [8(21). 6. 1910, Загорье хутору, азыркы Смоленский облусу, Починков району – 18. 12. 1971, Москва] – орус совет акыны жана коомдук ишмер. Бала чагынан эле ыр жазып, 1924-жылдан Смоленскидеги гезиттерге макала, ырларын жарыялай баштаган. Алгачкы поэмалары: «Социализмге жол» (1931), «Киришүү» (1933). Коллективдештирүү жөнүндө «Муравия өлкөсү» поэмасы (1936; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941) акынга атак алып келген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги орус мүнөзү, ошондой эле жалпы элдик сезим чагылдырылган «Василий Тёркин» поэмасы (1941–45; СССР мамлекеттик сыйл., 1946), согуш жана ага каршы турган жашоо күчү сүрөттөлгөн «Жол боюндагы үй» (1946; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1947) деген поэмаларды жазган. «Мейкинден мейкинге» (1953–60; Лениндик сыйлык, 1961) – мезгил, сүрөткердин парзы жөнүндө лирикалык ой толгоо. Акынды ойчул лирик катары тааныткан «Кыштак хроникасы» (1939), «Загорье» (1941), «Майдан хроникасы» (1941–44), «Чөнтөк дептеринен ырлар» (1961), «Ушул жылдар лирикасынан. 1959–67» (1967; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1971) ж. б. ыр жыйнактары бар. Твардовскийдин «Ата журт жана чет жер» (1947) прозалык жыйнагы, «Мешчилер» (1958) аңгемеси жарыяланган. Твардовский сынчы катары да таанымал. Анын адабий-сын макалалары «Адабият тууралуу» (1973) китебинде топтолгон. Твардовскийдин чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган (С. Жусуев, С. Эралиев, Т. Үмөталиев, К. Ырсалиев, К. Жаманкулов ж. б.). Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, I, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]