Театр жасалга искусствосу

Википедия дан

Театр жасалга искусствосу – жасалга, кийим, жарык жана техниканын жардамы менен спектаклдин образдуулугун арттыруу өнөрү. Анын өнүгүшү театр, драматургия жана көркөм искусствонун өнүгүшүнө байланыштуу. Бул өнөрдүн элементтери байыркы элдик үрп-адатта, оюндардаболгон. Байыркы Грекияда б. з. ч. 5-кылымда эле көлөмдүк жасалга колдонулуп, ага эллинизм доорунда живопись кошулган. Анын принцибин Байыркы Рим театрлары өздөштүрүп, көшөгөнү колдонушкан. Орто кылымда Азиянын көп өлкөлөрүндө окуя өткөн жерден конкреттештирүүчү шарттуу-символдуу сахна жасалгасы пайдаланылган. 15–16-кылымдарда Италияда (Брунеллески, Леонардо да Винчи, Рафаэль ж. б.) перспективалуу жасалганы, 16-кылымда С. Серлио трагедия, комедия жана пастораль үчүн жасалганын үч түрүн ойлоп тапкан. 17-кылымда театр ыкмалары кеңири колдонулуп, кулисалар (италиялык Ж. Алеотти) пайда болгон. 18-кылымда жасалгалуу павильондор түзүлгөн. 18-кылымдын 2-жарымында бир тууган Бельскийлер, И. Я. Вишняков, И. Фирсов сыяктуу орус жасалгоочулары өсүп чыкты. Театр жасалга искусствосуна 1870–80-жылдары Мейнинген (Германия) театрынын жасалгасы кыйла таасир тийгизди. 19-кылымдын акырында орус Театр жасалга искусствосу өнүккөн. В. Д. Поленов, В. М. Васнецов, К. А. Коровин, В. А. Серов ж. б. станковый живописти пайдаланып, оюндун поэтикалык чечилишине көп көңүл бурулган. Москва академиялык көркөм театры жасалга искусствосуна «турмуштук» түр бергени, ар бир оюнду өзгөчөлүу жасалгалаганы менен дүйнөлүк Т Театр жасалга искусствосунун реалисттик түр берип, реформа жасады. 1930-жылдары социалисттик реализм методу калыптанып, көлөмдүк жасалга живопись менен байыды (Н. П. Акимов, Н. И. Альтман, М. П. Бобышов, А. Г. Тышлер, Ю. И. Пименов ж. б.) Кыргыз улуттук театр жасалгасы да улуттук колоритти сактоо менен Театр жасалга искусствосун өнүктүрүүгө чон салым кошуп, жаны ыкмаларды таап, изденүү жолунда. Буга «Манас», «Айчүрок» сыяктуу операларынын жасалгаланышы далил. Кыргызстанда бул искусствонун өнүгүшүнө A. В. Арефьев, М. Исхаков, М. Сыдыкбаев, М. Шарафидинов, Ю. Нурматов ж. б. эмгеги зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]