Театр кийими

Википедия дан

Театр кийими, костюм (француз жана италиянча costume – салт дегенден) – актёр сахнада образ мүнөзүн ачуу үчүн пайдаланган ар кандай кийимдер, буюмдар. Образ мүнөзүнө жараша ылайыкталган чач жасалгасы тарамы жана грим аны толуктап турат. Театр кийими режиссёрдун максатына ылайык, актёр аткарган кейипкердин сырткы турпатын, ички сапатын аныктоого өбөлгө түзүп, жүрүп жаткан окуянын тарыхый, социалдык, экономикалык жана улуттук чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн ачат. Көркөм жасалганын башка компоненттери менен бирге спектаклдин сырткы образын түзүүгө жардам берет. Кийимдердин тандалып алынышы чыгарманын жанрына, темасына жалпы эле колориттүү чечилишине жараша театр сүрөтчүсүнүн өз алдынча чыгармачылык фантазиясынан жаралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]