Мазмунга өтүү

Тегерек барит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Тегерек барит кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Акташкоро тоосунда, деңиз деңгээлинен 2405 м бийиктикте. 1960-ж. издөө жана баалоо иштери жүргүзүлгөн. Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук жана акиташ катмарларынын контактасында узундугу 40–45 м, калыңдыгы 0,3–1,5 м барит тарамы жатат. Барит экинчи сортко кирет жана литопон порошогун алууга жарамдуу. Запасы С2 – категориясы боюнча 1270 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]