Тезеков Тилек
Тезеков Тилек Чебер. 1965-ж. Жумгал районундагы Өрнөк айылында төрөлгөн.
Педагогия окуу жайын бүтүрүп, Өрнөк орто мектебинде кол эмгек мугалими, колхоздо ферма башчысы болуп иштеген. Кийин КМУну бүтүргөн. Тилек элдик өнөрдүн бир түрү - жыгаччылык, ташчылык менен узанат. Ээр чабат. Ак каңкы ээрге наар түшүрүп, өзү каптайт. Жыгач идиштеринен табак, аяк, сузгу, чөйчөк, кашык өңдүүлөрдү кырат. Зергер, кайышчы жана өрмөчү дагы. Ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө атайын көркөм куюу аркылуу жез чөгөрөт. Камчынын түшкүнүн өрүүгө 16 тал тай көгүн тилет. Түшкүн өзөгүнө ак кайышы жумурулатат. Бир көктү үстүнөн, бир көктү астынан алат. Буга сай түшпөйт. Өрүм өзөктү айланта алып отурат. Өрүмдүн эң жөнөкөй түрүнө 10 тал тилип, аны беш-бештен экиге бөлүп, астынан бирден көктү алып үстүнө басып отурат. Анын терме өрүмүндө бир тал көк үзүлсө, ал талды жиги менен табууга мүмкүн эмес. Камчысы башкалардыкына караганда камчыланууга бышык жана сокмоктуу келет. Терме өрүмдө 16 талды сегизден экиге бөлөт. Бул талдар жиги аркылуу карама-каршы басылып, текши боорсок көз чарчы болуп отурат. Камчы башына калай кадайт. Түшкүнүн бекитүүчү камчынын алаканына көбүнчө кара булгаары каптайт. Муну да зергер чеберчиликтин күчү менен чегелейт. Жезден жана калайдан тумарча же төрт бурчтук, тегерекче урат. Камчы алаканына сеңселген чачы чыгарат. Жылан боор өрүмүндө өзөктү ичке алып, aгa да 16 талдан көк тилет. Мында 16 тал сепнден бөлүнөт да, эки көктү бирден басып отурат. Буга сегиз сай түшөт. Ал эми камчы өрүмдүн дагы бир сыйда түрү суйсалма өрүмү жылан боор өрүм сымалданып, айырмасы үч көктү бир көк басат да, алты сай түшөт. Буга 10, 12,14 тал көк тилинет. Камчы саптык табылгы (тобулгу) Жумгалдын Кабагында арбын өсөт. Жака боюндагы табылгылар каралжын тартып, бодуракай болот. Тескейдеги көчкүлүү жерлерде, бийик чокуларда, дабандарда кыпкызыл табылгылар учурайт. Ал - жыгачтын табигый боёгу. Жумгалдыктар камчы сапты кызыл, каралжын, таргылала деп өңу боюнча үчко бөлүшөт. Кара табылгы ысык чөлкөмдө, суук өзөңдөрдө кабыгы карарып-бозоруп, башка жыгачтардан айырмасы жоктой сезилет. Мындан алар шапалак сап жасашат. Бийиктеги кызыл табылгылар бутактары шыпыргыдай барпайып, учунда, боорунда бутактары сейрек кездешет. Тор ала табылгы өтө сейрек кездешет, түз өскөнү, камчы жарактуусу чанда жолугат. Камчы сап жасоодо чебер элдик өлчөмдү сактайт. Жоондугу ортон колдой, аңдан ичке да болот. Кыздардыкы өзүнүн ортонундай келет. Элик камчы сап да жасайт. Ал үчүн эликтин шыйрагын 10 смге (бир тутам) өйдөрөөктөн араалайт. Бул кыска көрүнөт. Ошондуктан, уста терини узун алып, ичине жыгач улап, учун тигип бүтөп коёт. Жыгач кошулган жерине кооздук жана бекемдик үчүн түстүү булгаары сырттайт. Антпесе, кол тийген жердин шыйрак жүндөрү түлөйг. Сууга тузду чылап, эт бышым ага шыйракты салып койсо жана чүпөрөк менен сүртсө жүн жылмаланат, ал чыйралат. Ал кургай электе жалпак түз жыгачка шыйракты таңып коёт. Тилек мүйүз сап камчы да кармайт. Буга текенин беш-алты карыш мүйүзү жарайт. Аны сууга кайнатып, улам жумшартып, жонуп, камчы сап түспөлүнө келтирет. Тилек ээрди көбүнчө кайыңдан, бака теректен чабат. Бака теректи колго тигип өстүрөт. Ал эми кайыңды кыярдан мурда кандай жерде чыкканына назар таштайт. Мурда саз жердеги кайың сары өзөк болот да, бат жарылат. Каксоо жердин кайыңы абдан катуу, бутактары аз, иштетүүгө да, пайдаланууга да ойдогудай ууз кайың келет. Андай кайындар Жумгалдын этек жагында, Кабактын тоо арасындагы өзөңдөрдө, булактардын айланасында арбын чыгат. Жыгачты кыярдан мурда жыл мезгилине карайт. Тянь-Шань тарапта өскөн жоон жыгачтардын тоңу марттын аягы апрелдин башында чыгып, кайрадан өзөгүнө суу жүгүрүп бүрдөй баштайт. Ага чейин Тилек кыйып, үстүртөн сомдоп чаап, даярдап алат. Анан көлөкөгө же жел жүрбөгөн жерге коёт. Же кыкка, же оттун күлүнө көмөт. Кабыгын аарчыбай, арааланган эки башына автол, солидол сыйпайт. Суу кесилген кайыңдан жакшы буюм жаралбайт. Тилек өңдүү жыгаччылар терек, кайың, өрүк өңдүү жердиктерди сугарууну жай мезгилинен тартып кескин токтотот. Ошондо жыгач каксоо келип анча жарылбайт. Тилекте сөөккө оюм-чийим түшүрүү чеберчилиги да бар. Ал ага көбүнчө «кыял оюмун» түшүрөт. Тилек комуз чертет, кыяк тартып, оболото обон созот. Сүрөт да тартат. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Мүйүз, өрүк буюмдары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы, ЭЧЖРКнүн диплому.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0