Өмүрбек Текебаев

Википедия дан
Текебаев Өмүрбек‎»‎ барагынан багытталды)
Өмүрбек Текебаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
желек
желек
  1991—1995; 1995—2000; 2000—2005; 2005—2007; 2010—2015; 2015—2020
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чи төрагасы
Март 2006 — Февраль 2006
Президент: Курманбек Бакиев
Андан кийинки: Марат Султанов
 
Туулган жери: Акман, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Атасы: Чиркеш Текебаев
Жубайы: Айгул Текебаева
Балдары: кызы; Айданек. уулдары; Амантур, Эсентур, Айсара
Партиясы: «Ата-Мекен»
Кесиби: Саясатчы, Юрист
 
Сыйлыктары:
2-даражадагы «Манас» орени
2-даражадагы «Манас» орени
Достук ордени

Өмүрбек Чиркешович Текебаев — кыргыз саясатчысы, Жогорку Кеңештин 4 чакырылыштын депутаты, "Ата-Мекен" партиясынын жана «Реформа үчүн!» кыймылынын жетекчиси (лидери).

Саясий тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1958-жылдын Бештин айынын 22 Жалал-Абад дубандын Базар-Коргон аймагынын Акман айылында туулган. Улуту — кыргыз.

1981-жылында физика факультетин аяктаган. 1981-1991-жылдарында Жалал-Абад дубандын Базар-Коргон аймагынын Акман айылынын мектебинде физика боюнча мугалим болуп иштеген. 1986-1991-жылдарында университеттин физика факультетинде улуу лаборанты болгон.

1991-жылдын Бирдин айынында «Эркин Кыргызстан» улуттук-демократиялык партиянын негиздешкендердин бирөөсү болгон. Чын куран айынында Жалал-Абад дубандын монополияга каршы жана ишкердикти колдоо башкарманын башчысы, Жалал-Абад дубанынын дубандык элдик депутаттарынын кеңешинин мүчөсү болуп калган.

1991-жылы КСРБнин Жогорку кеңешинин, юридикалык масалелер боюнча Улуттук Кеңеш Комитетин мүчөсү катары шайланган.

1992-жылы «Ата-Мекен» социалисттик партиясын түптөп, анын курамында Жогорку Кеңешке кирет.

1992-1994-жылдары Жалал-Абад дубанын мамлекеттик акимчилигин жетекчисинин орун басары кызматында болгон. 1994-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болгон.

2000-жылы Тогуздун айынын 29у өткөн президенттик шайлоодо 13,89% алып, Акаевтен кийин экинчи орундун ээси болгон.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]