Текеев, Иманбек

Википедия дан
Текеев Иманбек.

Текеев Иманбек (1896, Тоң району, Дөң-Талаа айлы , — 1946, өлгөн жери белгисиз) — Кыргызстанда Кеңеш бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. 1919-жылдан КПСС мүчөсү.

1918-ж. Ферганада (Анжиян уездинде) котормочу болуп иштеген, басмачыларга каршы салгылашка катышкан.
1923—24-ж. Караколдо жер бөлүмүнүн башчысы, жер курулуштарынын төрагасы.
1924— 25-ж. Каракол уезддик-шаардык ревкомдун катчысы, андан кийин Кыргыз АОнун Жалал-Абад, Каракол округдары, Фрунзе кантону боюнча прокурордун жардамчысы, Кыргыз АОнун Башкы сотунун төрагасынын орун басары, 1927-ж. мартта Кыргыз АССРинин кайрадан уюшулган Башкы сотунун төрагасы болуп шайланган.
1928—29-ж. Москвадагы Жогорку укук курсунда окуган.
1929—33-ж. Кыргыз АССР жер иштетүү эл комиссарлыгында сектор башчы, эл комиссарынын орун басары, 1933—34-ж. облустук мал чарба трестинин директорунун орун басары, 1934— 36-ж. партиянын Мургаб райкомунун катчысы, Тажик АССРиндеги Көк-Таш райаткомунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.
1937-ж. репрессияланып, 1946-ж. түрмөдө өлгөн. 1979-ж. толук акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.