Теке Баатыр

Википедия дан

Теке Баатыр, чыныгы аты-жөнү Нураалы Эрке уулу (1886, Талас району, Кырк-Казык айылы — 1964, ошол эле жер) — атактуу найзакер.
Эң алгачкы жолу эр сайышка 17 жашында түшкөн. Найза кармоодо өзүнчө ыкмасы болгон. Теке баатыр өз уруусу саруулардын гана эмес, жалпы кыргыз журтунун намысын коргоп чоң салтанаттарда, аш-тойлордо бардыгы 37 жолу сайышка түшүп, жеңиштүү таймаштарды еткөргөн. Өзгөчө, Казак жергесинде өткөрүлгөн эр сайыштарга көп катышкан.
1944-ж. Талас райондук аткаруу комитетинин чечими менен Манастын күмбөзүн коргоо максатында кароолчулук кызмат орду ачылып, ал милдетти Теке баатыр аткарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.