Тектоникалык гипотезалар
Тектоникалык гипотезалар – жер кыртышынын структурасын түзгөн кыймылдар менен деформациялардын себептери жөнүндөгү илимий божомолдор. 18-кылымда немец геологу А. Г. Вернер тоо тектердин деформацияланышын илимий түшүндүрүүгө биринчи аракет кылган. Ал тоо тектердин нормалдуу жайгашуусунун бузулушун суу астындагы жылышуулар менен байланыштырган (нептунизм гипотезасы). Ага каршы плутонизм гипотезасы (Ж. Геттон) пайда болуп, ал тоо тектердин бүктөлүүгө дуушарланышын жер кыртышынын өйдө көтөрүлүшү менен байланыштуу деп түшүндүргөн. 19-кылымдын 2-жарымында – 20-кылымдын башында контракция гипотезасы пайда болгон (Л. Эли де Бомон, А. Гейм, Э. Зюсс, X. Жефрис, орус геологдору А. П. Карпинский, Ф. Н. Чернышев, И. В. Мушкетов ж. б.). Анда жер кыртышы акырындык менен сууп, радиусу кичирейет. Горизонталь багытындагы кысылуу күчү пайда болуп, андан тоо тек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланат. Бирок, тоо тектердин радиоактивдүүлүгүнүн ачылышы бул гипотезаны күмөн санатып, 20-кылымдын 1-жарымында дифференциация гипотезасы пайда болду. Бул гипотезаны жактоочулар тоо тектердин радиактивдүү ажыроодон жогорку температура пайда болуп, мантиянын заттары бир аздан эрип иргелет. Эриген женил силикаттар топтолгон жерде материктик кыртыш пайда болот. Изостадия законуна ылайык эриген жердин үстү көтөрүлүп, дөңсөөлөр пайда болуп, бүктөлүү процесстери жүрөт. Булардан башка кыртыш астындагы агымдар (мантиядагы конвекциялык агымдар), пульсация (геологиялык тарыхта Жер шарынын кичирейүү, чоңоюу мезгилдеринин алмашуусу) жана Жер шарынын кеңейүү (геологиялык убакыт өткөн сайын Жердин радиусу чоңоёт) гипотезалары бар. 20-кылымдын башында материктердин жылып жүрүшү жөнүндө гипотеза (мобилизм) пайда болуп (америкалык геолог Ф. Тейлор, өзгөчө немец геофизиги А. Вегенер), материктер горизонталь багытта чоң аралыкка (миңдеген км) жылышы мүмкүн делет. Мындай кыймылдардын себеби Жердин айлануусунан келип чыккан күчтөр менен байланыштырылган. 20-кылымдын 60–70-жылдарында мобилизм идеялары «Жаны глобалдык тектоника» («плиталардын тектоникасы») гипотезасынын (америкалык илимпоздор X. Хесс, Р. Диц ж. б.) маалыматтары менен толукталып, кайрадан өөрчүдү. Мында литосфера ири плиталарга бөлүнүп, кыртыш астындагы конвекциялык агым менен жылып, бири биринен алыстаган жерлерде рифтер (акырындык менен океандар), ал эми бири биринин астында жылып кирген жерлерде дого сымал аралдар, тоо системалары пайда болот деп түшүндүрүлөт. Вул гипотезаларда чечиле элек маселелер көп, алар ар тараптан изилденип келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9