Мазмунга өтүү

Тектоникалык ийилүү

Википедия — ачык энциклопедия

Тектоникалык ийилүү – эндогендик күчтөрдүн таасиринен жер кыртышын түзгөн тоо тек катмарларынын узатасынан (сызыктуу) төмөн ийилиши. Ал жерге чөгүндүлөр калың (10–15 кмге чейин жана андан да калың) топтолуп, айрым жерлеринде жанар тоо тектери да кездешет. Тектоникалык ийилүүнүн бир нече тиби бар. Континенттик платформаларда Тектоникалык ийилүүгө авлакоген туура келет. Ал рифтогенез процессинде пайда болуп, жаракалар менен чектелет. Платформанын чет жакасында перикратондук ийилүү зонасы жайгашат. Ал акырындап бүктөлүү кырчоолорунун четиндеги (тоо этегиндеги, алдынкы) ийилүүгө айланат. Бул ийилүү асимметриялуу – платформа жак капталы жантайыңкы жазы, тоо кырчоосу жак капталы кыска жана тик келет. Континенттин суу астындагы пассивдүү чет жакасында жээкке жарыш периокеандык ийилүү зонас ы жайгашат. Ага толгон чөкмөнүн калындыгы 15–20 кмге чейин жетет. Мындай ийилүү Атлантиканын жээктеринде, Инд океанынын Африка, Индстан жана Австралиялык жээктеринде, Тынч океандын Антарктидалык жээктеринде таралган. Тектоникалык ийилүүгө көптөгөн баалуу кендер – нефть, газ, көмүр, таш жана калий туздары топтолгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]