Мазмунга өтүү

Тектоникалык терең жаракалар

Википедия — ачык энциклопедия

Тектоникалык терең жаракалар, линеаменит – тоо тектердин бир бүтүндүүлүгүнүн бузулуу зонасы; ичке (жүздөгөн лгден ондогон кмге чейин) жик түрүндө болуп, тереңдиги боюнча жер кыртышынан өтүп, Жердин мантиясына жетет. Жарака жүздөгөн жана миңдеген кмге созулуп, жүздөгөн млн жылдар бою өнүгөт. Жер кыртышынын түрдүү режиминде өөрчүгөн блокторун бөлүп турат. Көбүнчө мындай жаракалар аркылуу түпкүрдөгү магма продуктулары жана ага байланыштуу кен байлыктар жер үстүнө чыгат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]