Телантроп
Көрүнүш
Телантроп (грекче telos аягы, бүтүшү; antro-pos – киши) – адамга окшош маймылдардын (примат) жогору өнүккөн формасы. Телантроптун сөөк калдыктары 1949–52-жылдары Сварткранс үңкүрүнөн (TAP) табылган. Археологдордун пикири боюнча болжол менен мындан 700–800 жыл мурда жашаган. Тиштери жана жаак сөөктөрүнүн жайгашы питекантроп менен жакындыгы бар экенин көрсөтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9