Тележумуш

Википедия дан

Тележумуш – дистандиялык жумуш, фриланс – аралыктан телебайланыш аркылуу үйдө иштөө; бири-биринен аралыкта турган жумуш берүүчү менен аткаруучунун (же буйрутма берүүчү жана жалдануучу) тапшырма берүүчү жана алуучу, жумуштун жыйынтыгын жана акы төлөөнү заманбап байланыш каражаттарынын жардамы менен жүргүзүп, кызматташуу ыкмасы. Телефон, факс, почта билдирүүсү жана интернет аркылуу ишке ашат. Тележумуштун концепциясын америкалык Жек Ниллес иштеп чыккан (1972). Интернеттин өсүшү менен коммуникация иштеринин мүмкүнчүлүгү өстү, интеллектуалдык жумуштун жыйынтыгы жана маалымат алмашуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө интернеттен кардар издешет, долбоор аткарылат, электрондук төлөмдөр жүргүзүлөт. Сайттарга жумуш орду тууралуу маалыматтар, жарнактар, ошондой эле котормочу, редактор, менежер ж. б. кызмат көрсөтүүлөр жайгаштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]