Тембр

Википедия дан

Тембр (французча timbre – тамга, белги) – 1) фонетикадa – тыбыштын термелүү өзгөчөлүктөрү, ыргагы; 2) музыкада добуштун сапаты, түрү, көркөмдүк деңгээли; музыкалык добуш касиеттеринин бири. Адатта бирдей добуштарды алардын Тембри боюнча ажыратууга болот. Тембр добуш булагынын термелүүсү, анын эмнеден жасалгандыгы, үн күчөткүчтүн өзгөчөлүгү ж. б. менен аныкталат. Тембрди мүнөздөөдө обертондордун таасири күчтүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]