Темирлан Сманбеков

Википедия дан
Темирлан Сманбеков
Төрөлгөндөгү ысымы:

Сманбеков Темирлан Камашевич

Туулган датасы:

15 -апрель 1957(1957-04-15) (67 жаш)

Туулган жери:

Булак, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1983 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыктардын, Чыңгыз Айтматов эларалык сыйлыгынын ээси

IMDb:

ID 6645288

Темирлан СманбековКыргызстандык актёр, алып баруучу, тамада, театр жетекчиси жана мугалим. Ош кыргыз драма театрында, Ысык-Көл драма театрында, Кыргыз республикалык жаштар жана жеткинчектер театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз республикалык куурчак театрында эмгектенген.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темирлан Сманбеков өзү:

« ..."Биздин уруубуз – саяк, түпкү жерибиз – Кызарт деген жер, Түгөл бий деген эң улуу атабыз комузчу болуптур. Андан Маңгыт бий, Маңгыт бийден Курманкожо бий, андан Жумгалды мекендеген Медет датка атабыз, бир баласы Тайлак баатыр деген атактуу адамдар болгон. Бир себептен ушулар таасир этиши мүмкүн. Экинчи себеби менин өзүмдүн чон таятам Чатыраш олуя, Кетмен-Төбө өрөөнүнө сооданы, маданиятты алып келген, бий болуп туруп байлык топтобогон, боорукер, берешен киши болгон экен. Ал киши Андижандан боз атына эки аппак куржунун түркүн таттууларга толтуруп алып, жол бою жетим балдарга таратып жүрүп отурчу экен. Ал адам өзү музыкага, жаратылышка өтө ынак болуп, жаратылышка таазим этип келген. Анан өзүмдүн атамдын апасы чоң апам дагы, Каратай болуштун карындашы, абдан даанышман, боорукер, адамдын кайгысын, кубанычын сезе билген, жан дүйнөсү таза адам болуптур. Ал эми чоң атам Ысманбек да олуя чалыш киши болуптур. Анын Нурлан аттуу уулу, менин атамдын иниси, менден бир жаш улуу эле, бирок экөөбуз чогуу барып, чогуу окудук. Ал жакшы окуп, отличник эле. Бир күнү чоң атам, экөөбүздүн башыбызды кармап туруп, Нурландын башын кармап: «мунун башы жакшы иштегени менен айылда эле калат, ал эми Темишимдин башы жука, бул алыска кетет», – деген экен. Атам муну ушул убака чейин айтып келет. Өзүм кичине кезимде ыр жаза койчумун, жаратылыш койнунда чоңойдум, мал багып",-дейт. »

[1] Archived 2016-11-02 at the Wayback Machine

1975 –жылы орто мектепти аяктагандан кийин, Темирлан Ош пединститутунун музыкалык педагогика факультетине тапшырып, кадимки Рысбай Абдыкадыровдун колунан окуй баштайт. Окуусун таштабай туруп эле, 1976-1977-жылдары Ош кыргыз драма театрына артист болуп кирип, иштеп калат.
Ошентип, дили артисттик кесипке ооп калган Темирлан 1978-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна тапшырып, аны 1983-жылы аяктайт.
Темирлан окуган курс окууну аяктап келип, бир кездерде жабылып калган Ысык-Көл драма театрын кайрадан ачышат.
Ушул театрда курсташтары менен иштей баштаган Темирлан дароо эле алдыга суурулуп чыгып, көл театрынын репертуарындагы оюндардын дээрлик баардыгында башкы жана борбордук ролдорду аткарып, жалпы эле кыргыз театр коомчулугунун оозуна тез алынат.
Бул театрдагы Темирландан чыгармачылык бийиктиги катары Ч.Айтматовдун “Кыямат” романы боюнча коюлган спектаклдеги Бостондун ролун айтуу эп. Ушул роль менен Темирлан “Менин эң мыкты Бостонум” деп, Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна татыган.
20-кылымдын 90-жылдарынын башында Темирлан Бишкектеги республикалык жаштар жана жеткинчектер театрына алынат.
Бир аз убактан кийин ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына өтөт.
Бул театрдын сахнасында Темирлан Клавдий (“Гамлет”), Антоний (“Антоний менен Клеопатра”), Мусулманкул (“Курманжан-датка”) сыяктуу, чыгармачылык жактан жетилген, драмалык кудуреттери жогору образдарды жаратат.
Ошол эле учурларда Темирландын педагогдук ишмердиги да кошо башталат – ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайына мугалим, андан соң директор болуп иштейт.
2004-жылы Темирлан Сманбеков Кыргыз Республикасынын Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жеткинчектер театрына директор болуп дайындалат.
Бул театрда ал өтө жөндөмдүү жетекчи экенин көрсөттү.
Биртоп мезгилден бери оозго алынбай калган бул сахналык коллектив Темирландын келиши менен дароо жанданып, үч жылдын аралыгында республикага гана эмес бүтүндөй Борбордук Азияга атагы чыккан спектаклдерди биринен сала бирин коюуга жетишет.
Коомчулукта өтө чоң резонанс жараткан «Тагдыр жана талант» (авт.Ж.Кулмамбетов), «Чыңгыз менен Бүбүсайра» (авт.Ж.Кулмамбетов), «Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн» (авт.Ж.Кулмамбетов), «Бөрү канчык» (авт.Джовани Верга), «Хан оюуну» (авт.Жума Куддус) сыяктуу бир катар спектаклдер удаа-удаа коюлат.
Директорлук менен бир катар Темирлан чыгармачылыгын да таштабайт. Чыңгыз Айтматовдун образын мыкты жаратканы үчүн Темирлан Сманбеков Болот Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыкка татыйт.
2007-жылдын күзүнөн тартып Темирлан Сманбеков Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрына директор болуп которулат.
Темирландын жетекчилиги менен куурчак театры да эларалык бир канча фестивалдарда баш байгелерди утуп алууга жетишти.
Ушул жылдардын ичинде Темирлан бир кыйла кинолорго да ийгиликтүү тартылды.

Театрда ойногон негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ”Ак чардак” - Адыл (реж.Б.Кадырканов)
  • ”Аял” - Эркек (реж.Н.Турапов)
  • ”Найман эненин көз жашы” - Жуан-жуандардын башчысы (реж.Б.Карагулов)
  • ”Кууш жолдор” - Милициянын полковниги (реж.К.Касенов)
  • ”Чыңгыз менен Бүбүсайра” - Чыңгыз Айтматов (реж.Ж.Кулмамбетов)
  • ”Мен сага ишенем” - Сабыр (реж.Ж.Кулмамбетов)
  • ”Кыз-жигит” - Сейитбек (реж.Ж.Кулмамбетов)
  • ”Жараланган турналар-2” -Депутат Кыргызбай Мамбетов (реж.Ж.Кулмамбетов)
  • ”Президент жана бомж -2” -Спикер (реж.А.Сулайманов) ж.б.

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ”Манас” энциклопедиясы. Бишкек, 1995-жыл.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[2](жеткиликсиз шилтеме)
[3](жеткиликсиз шилтеме)
[4](жеткиликсиз шилтеме)
[5] Archived 2016-03-06 at the Wayback Machine
[6](жеткиликсиз шилтеме)
[7](жеткиликсиз шилтеме)
[8] Archived 2016-11-02 at the Wayback Machine
[9](жеткиликсиз шилтеме)
[10]
[11](жеткиликсиз шилтеме)
[12](жеткиликсиз шилтеме)
[13](жеткиликсиз шилтеме)
[14]