Темирова Айтурган

Википедия дан
Айтурган Темирова
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

актриса

Туулган датасы:

2 февраль 1958 жыл

Туулган жери:

Калып:Кулжа

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Айтурган Темирова (1958-жылы 2-февралда Кулжа айылында туулган)- советтик кыргыз кино актрисасы. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2001).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтурган Темирова 1958-жылы аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган, Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы орто мектепти аяктаган. Бала кезинде Чыгыш тилдер институтуна тапшырууну кыялданчу. Апасы Политехникалык университетке барып, инженер болуп окусун деп талап кылчы. Бирок Айтурган биринчи күйөөсү Шамшиевге жолугуп, киного тартылып, түбөлүк искусствого ишенимдүү бойдон калган.[1]

14 жашында "Ысык-Көлдүн Кызгалдактары" тасмасында дебют жасаган.[2]

Куренкеева атындагы Кыргыз музыкалык-хореографиялык окуу жайын жана М.Б Бейшеналиева Кыргызстан искусство институн бутургон.

1970-1980-жылдары «Кыргызфильм» жана «Казакфильм» киностудияларынын бир катар тасмаларында роль жараткан, Айтурган Бүткүл союздук кинофестивалдын лауреаттары болгон «Карышкыр чуңкур», «Ак кеме» тасмаларындагы башкы ролдор менен белгилүү болгон. ", кийин 1985-жылы "Снайперлер" тасмасында башкы ролду ойногону менен атактуу болду. [3]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтургандын биринчи жолдошу Болотбек Шамшиев болгон. Режиссёр менен ажырашкандан кийин актриса Чехиянын жаранына баш кошкон сон, Брно шаарында жайгашышкан.

Актрисанын эки баласы бар - кызы Сүйүтай жана уулу Чыңгыз.[4] [5]

Чехияда Айтурган өзүнүн жеке тобун түзүп, кыргыздын этникалык жана фольклордук музыкалык мурастарын аткарган чыгармаларды аткарат жана ал жакта эки тасмада тартылган. [6]

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1972 — Мыкты дебют учун Буткул союздук кинофестивалдын лауреаты[7]

1987 — Кыргыз ССРинин эмгек сицирген артисти

1992 — Алия Молдагулованын образын ачып бергени үчүн, казак киносуна кошкон салымы үчүн Асаналы Ашимов атындагы сыйлык.

2001 —Кыргызстандын эл артисти

2016 — Орден «Достык» II даража (Казахстан)[8]

2021 — Орден «Манас» III даража[9]

2021 —Искусство жана адабият орденинин кызматкери (Франция)[10]

Тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1972 —Ысык-Көлдүн Кызгалдактары — Калыча

1976 — Ак Кеме— Гульджамал

1978 — Эл Арасында— Гульджан

1979 — Эрте келген турналар— жена Сарыгула

1981 — Не ставьте Лешему капканы… — Тайка

1982 — Не ищи объяснения — Джамиля

1982 — Тринадцатый внук — Сана

1983 — Дела земные — Сагынай

1983 — Бөрү зындан— Аджар

1985 — Снайперлер— Алия Молдагулова

1987 — Дилетант

1987 — Приют для совершеннолетних

1989 —Фудзиямадагы кадыр түн — Гульджан

1989 — Заговор — Сабина

1992 — Аномалия

1999 — День ангела — Мадам

2003— Кара кыз

2005 — Аталар Керези— эпизод

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://mega-stars.ru/actresses/temirova.php
  2. https://24.kg/obschestvo/185685_50let_nastsene_ayturgan_temirova_rasskazala_orabote_valyih_makah_issyik-kulya/amp/
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2022.
  4. https://www.vb.kg/doc/258961_aytyrgan_temirova:_seychas_y_nas_ostryy_deficit_dostoynyh_scenariev.html
  5. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 17 -сентябрь (аяк оона) 2020.
  6. https://www.kp.kg/daily/23750.4/255527/
  7. https://www.facebook.com/218822154808107/posts/4003327063024245/?d=n
  8. https://www.vb.kg/doc/318642_aktrisy_aytyrgan_temirovy_vydvinyt_na_zvanie_narodnoy_artistki_kazahstana.html
  9. https://ru.wikipedia.org/wiki/Категория:Кавалеры_ордена_«Манас»_III_степени(жеткиликсиз шилтеме)
  10. https://kyrgyzeli.ru/ru/culture/507137-posol-frantsii-delaus-vruchil-aktrise-ayturgan-temirovoy-nagrudnyy-znak-ofitsera-ordena-iskusstv-i-literatury.html