Темирова, Алтынай Эгембердиевна

Википедия дан
Темирова Алтынай Эгембердиева‎»‎ барагынан багытталды)
Алтынай Эгемберди кызы Темирова. 29.7.2015

Алтынай Эгембердиевна Темирова - Жалал-Абад облусунун, Аксы өрөөнүнүн Жерге-Тал айылында 1960-жылы 17-ноябрда туулган. Акын, драматург, сценарист, котормочу. 1984–1990-жж. Москва шаарындагы M.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк Адабият институтунда окуган.

Өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтынай Эгемберди кызы Темирова 1960-жылы 17-ноябрда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу (мурдагы Ош облусунун курамында болгон) Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Анын теги кыргыз.

Ал 1984–1990-жж. Москва шаарындагы M.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк Адабият институтунда таалим алган.

Иш таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990–1992-жж. «Адабият» басмасында редактор.
1992–1997-жж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясында улук редактор, комментатор.
2000–2005-жж. Кыргыз улуттук академиялык драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы.
2007-жылдан Т.Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор болуп эмгектенген.
2011-жылдан "Де-Факто" гезитинде маданий журналисттик кызматты аркалаган.
2013-2014-жылдары "Азаттык" радиосунун маданий журналисттик кызматында иштеген.
2015-17ж.ж. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеди.
2017-ж. "Ала-Тоо" журналынын башкы редакторунун орун басары болуп иштөөдө.

Адабий-чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи ыры «Теңир-Тоо» гезитине 1977-жылы жарыяланып, алгачкы поэтикалык жыйнагы «Бурганак» деген ат менен 1989-жылы "Адабият" басмасында жамааттык жыйнакта жарык көргөн.
1991-жылы республикалык поэтикалык конкурс-семинарда 1-орунду жеңип алган жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
А.Темированын «Генийдин уру», «Теңирдин оту», «Сынык асман» пьесалары республикалык драматургдардын жана чет элдик фонддордун конкурстарында башкы сыйлыктарга татыган. Бул пьесалары, республикабыздын Барпы атындагы театрында (режиссеру-КРнын эл артисти Акылбек Абдыкалыков, Учур телетеатрында (режиссеру - Аман Жапаров, Кыргыз академиялык драма театрында (режиссеру - КРнын эл артисти Замирбек Сооронбаев,"Улуу Бхарата урпактары" пьесасы (режиссеру - Шамил Дыйканбаев, 2016-жылы ) ийгиликтүү коюлган.
А.Темирова «Тапан» төрт сериялуу комедиялуу көркөм тасманын (режиссеру-Шаршен Шейшенов),

«Тоолор кулаганда»(режиссеру-Бакыт Карагулов),"Кадыржан"(режиссеру-Бекеш Абдылдаев),
«Учуу аянтындагы ойлор»(режиссеру-Бакыт Карагулов) аттуу даректүү фильмдеринин сценарийлеринин автору.

2000-жылы М.Шахановдун «Заблуждение цивилизации» («Адашкан өсүп-өнүгүү») аттуу китебин, Г.Лорканын «Ажайып колукту», М.Горькийдин «Түпкүрдө», Е.Елимжандын «Жан урааны», М.Метерлинктин «Азиздер», Эсхилдин "Фарсылар" пьесаларын которгон.

Алардын ичинен «Жан урааны»(режиссеру-?), «Азиздер» (режиссеру-Камат Касенов)пьесалары Учур театрында коюлган. "Фарсылар" - "Ый" деген ат менен Ош драма театрында коюлган (режиссеру-Овлякули Ходжакули. Дүйнөлүк поэзиядан: З.Бабур , Ж.Кулеби, Ю.Эмре, Ай Цин, Дуң Пыйлун, С.Квазимодо, А.Тажибаев, А.Алимовдун ырларын ийгиликтүү которуп, көптөгөн изилдөө, адабий макалалардын автору.
А.Темированын чыгармалары орус, казак, хинди, фин, англис тилдерине которулуп, чет тилдерде жарык көрүп келет.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылдан жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк уюму «Пенклубдун» мүчөсү жана «Пенклуб» уюштурган Хельсинки – Лахти шаарларында өткөн (2005) Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк Конгрессинин катышуучусу[1].
2001-жылы «Интерньюс-Нетуорк» кыргыз-америкалык телекомпанияда стажировкадан өткөн.
2003-жылдан КР Маданият ишмерлеринин ассамблеясынын мүчөсү.
2014-ж. бери Кыргызстан Кинематографисттер союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-жылы «Сорос» эл аралык фондунун А.С.Пушкиндин 200 жылдыгына карата уюштурган конкурсунда «Жезит Айым» («Пиковая дама») прозалык драмасын мыкты которгондугу үчүн башкы сыйлыкты жеңип алган. 2010-жылы "Т.Абдымомунов атындагы сыйлыктын лауреаты" болгон Кыргыз Республикасынын Маданият Министрлиги тарабынан мыкты драматург аталып - "Сынык асман" пьесасы үчүн. 2012-жылы түрк тилдүү элдердин эл аралык «Ак Торна-II» конкурсунун дипломанты болгон. 2012-жылы түрк тилдүү элдердин Х-эл аралык адабий фестивалынын катышуучусу болгон. 2015-жылы эл аралык маданий уюм ТҮРКСОЙдун Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргелешкен "Беш акын" теледолбооруна катышып "Алтын калем" сыйлыгына ээ болгон. 2016-жылы Кыргызстан аялдар Конгресси "Улуу Бхарата урпактары" пьесасына "Лидерлиги үчүн" эл аралык (17 өлкөдө катталган) алтын медалы менен, 2017-жылы Саха-Якутия республикасынын палатасы "Иль-Тумен"дин баалуу сыйлыгы "алтын саат" менен якут акын-жазуучуларын мыкты которгондугу үчүн "Кыргыз адабияты менен искусствосунун Якутиядагы жумалыгында" сыйланды. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик патенттик кызматынын "Кыргыз Республикасынын жазуучулары" энциклопедиялык сөздүгүнө киргизилген.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Бурганак. Ырлар:– Б.: Адабият, 1990. – 155–193 б. Жамааттык жыйнак.
  • Генийдин уру: Пьеса. – Ош, 1994. – 3–55 б. Жамааттык жыйнак.
  • Жезит Айым: Котормо. – Б.: Сорос, 1999. – 44–90 б. Жамааттык жыйнак.
  • Сынык асман: Пьеса. К-те: Булак. – Б: Калемгер, 2007. – 96–132-б. Жамааттык жыйнак.
  • Алтынай. Тандалмалар. 1-том. – Б.: Бийиктик, 2003. – 512 б. – кыргызча, орусча.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 7 -май (бугу) 2021.