Мазмунга өтүү

Темиров Абдыкалый

Википедия — ачык энциклопедия

Темиров Абдыкалый (1911, азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Таш-Дөбө айылы – 1952, ошол эле жерде каза болду) – обончу, аткаруучу, комузчу. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1944). Чыгармачылыгын 1930-ж. баштаган. Жумгал районунда уюшулган колхоз-совхоз театрында (1936-39), Нарын облусу драма театрында (1939–41), Пржевальск, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Элдик күүлөрдү жана ырларды чебер аткарып, өзү да «Ак мандай», «Сагынам», «Кыялым», «Бешжылдык», «Ак чабак», «Саламы ушул Сайранын», «Сагынганда», «Беш ыргай», «Чын сүйүү», «Сайра комуз», «Мен ашык» ж. б. ырларга обон чыгарган. Ал «Кайгылуу Какей» (М. Токобаев), «Саринжи» (К. Эшмамбетов), «Жапалак Жатпасов» (Р. Шүкүрбеков) ж. б. спектаклдерде ойногон. Ысмы туулуп өскөн айылындагы маданият үйүнө жана мектепке берилген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]