Мазмунга өтүү

Темир Усуп уулу

Википедия — ачык энциклопедия

Темир Усуп уулу, Темир Молдо (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл району, Корумду айылы – 1916, Жети-Өгүздүн сыртындагы Тарагай деген жер) – алгачкы кыргыз агартуучусу (орусча окуган), саякатчы, улама. Күнгөйдө элди отурукташтырууга активдүү катышкан, дыйканчылыкка өтүүнү уюштурган. Алматыдагы (Верный) орустузем мектебин бүтүргөн сон, Ысык-Көл уездинде котормочу болуп иштеген. 20-кылымдын башында энтомолог Е. С. Рюкбейл, караколдук мугалим A. А. Куценколорду коштоп, Тескей Ала-Тоо, Ички жана Борбордук Теңир-Тоо, кийинчерээк орус жана чет элдик экспедициялар менен Кашкар, Чыгыш Тенир-Тоо аймактарын кыдырган. 1900-ж. Д. Алмаши жетектеген мажар (венгр) экспедициясына Каракол, Жыргалаң, Каркыра өрөөндөрүн көргөзүп, аларга кыргыз тилин үйрөткөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]