Темир жол түйүнү

Википедия дан

Темир жол түйүнү, темир жол тоому – бир нече темир жол линиясынын кесилишиндеги ар түрдүү техникалык курулмалардын жана түзүлүштөрдүн татаал комплекси жайгашкан пункт. Темир жол түйүнүнүн негизги курулмалары: сорттогуч, жүктөгүч жана жүргүнчү станцияларды туташтыруучу темир жол, жүргүнчүлөр имараты, депо, техникалык оңдоо (ремонт) станциясы ж. б. Азыркы Темир жол түйүнү темир жол автоматика жана телемеханика түзүлүштөрү, электрондуу эсептегич техника менен жабдылган. Темир жол түйүнү аткарган иши боюнча: транзитүү жана акыркы болуп бөлүнөт. Ал өз ара технологиялык байланыштагы бир же бир нече станциядан турат. Станциялардын жайгашуусу кайчы, үч бурчтук, жарыш, айкалышкан, шакек түрүндө ж. б. формаларда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]