Мазмунга өтүү

Темир көшөгө

Википедия — ачык энциклопедия

Темир көшөгө (англ, iron curtain) - сөз айкаштыгы, XVIII к. аягында өртгөн коргоо үчүн сцена жана көрүүчүлөрдүн залынын ортосундагы тосмону атоо үчүн колдонулган.

Бирок, XIX к. бул сөз саясий лексикондо да колдонула баштаган. XX к. саясий реалийлерди мүнөздөө үчүн Темир көшөгө термини биринчи жолу Г.Уэллс тарабынан «Машина времени» китебинде колдонулган. Орусияда бул терминди философ В.В. Розанов 1905-ж. революциядан кийин маданиятты жана тарыхты билдирүү үчүн киргизген. Публицист П.Снеуден бул терминди биринчи жолу Советтик Орусия- га саякат жасагандан кийин, «Большевиктик Орусия» (1920-ж.) китебинде система катары капитализм менен социализмдин ортосундагы өткөргүс чекти белгилөөдө колдонгон.

1946-ж. 5-мартта Фултон шаарында (Миссури штаты) АКШнын президенти Г.Трумэндин катышуусунда У.Черчиллдин сөзүнөн кийин «Темир көшөгө» деген айтылышы «эркин» жана «коммунисттик» (элдик-демократиялык) мамлекеттердин ортосундагы чекти белгилөө үчүн метафора болуп калган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8