Темир уулу Черикчи

Википедия дан

Темир уулу Черикчи (т. ж. б. - 1785) - кыргыз бийлеринин бири (18-кылымдын 2-жарымы), Маматкул бийдин небереси.

Черикчинин саясий ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар кытай жазма даректеринин бири Сиюй чжиде («Батыш жерлеринин баяны») кезигет. Ал боюнча Жуңгар хандыгы кулагандан кийин кыргыздарды өз тарабына тартууну көздөгөн Цин өкмөтү 1758-ж. жайында аскер кызматындагы (шивэй) Толуньтай, Урдень баштаган элчилерин жөнөткөн. Алар Санташ - Ысык-Көл - Жумгал аркылуу Талас, Тогуз-Торого келип, кыргыздын бир нече бийлерине жолуккан. Алардын бири сарыбагыш-бугу урууларынын бийи Ч. болгон. Ал Ат-Башыдан Ысык-Көлдүн чыгышына чейинки жерлер эзелтен кыргыздардын конушу болгонун айтып, аны кайра кайрып берүү маселесин көтөргөн. Цин элчилери бул маселени император гана чече турганын эскертип, кыргыз бийлерин Кытайга чакырган (к. Кыргыз-Кытай дипломатиялык алакалары). Чакырык кабыл алынып, Маматкул бийдин карып калганына байланыштуу Черикчи башында турган 8 киши (Тулку Айт уулу, Нышаа Кудайменде уулу, Шербек Жакшыбай уулу, Бореке Акбай уулу, Айдарбектин иниси Ноци жана Шүкүр ж. б.) жиберилген. Элчилер император ж. б. мамлекеттик чиновниктерге жолугуп, Илеге чейинки жерлер, а. и. Ысык-Көл илгертен эле өз конушу болгонун дагы бир жолу бекемдеген. Кыргыз элчилери кайткандан кийин император Иле д-нын жээгиндеги жайыт, конуштары начар жерлерди кыргыздарга берсе боло тургандыгын эскертип, Иле аймагынын башчысына кат жөнөткөн. Н. Аристовдун эмгегинде Черикчи башында 1000 түтүн сарыбагыш, ошондой эле 1000 түтүн саяк уруулары сыяктуу кыргыздардын беш уруусу 1761-ж. Иле тарапта (Кеген-Каркыра) турганын белгилеген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4