Теориянын «каармандары» жана «жайылган топтору»

Википедия дан

Теориянын «каармандары» жана «жайылган топтору»саясат таануу жана саясий психология аспектилеринен алганда «каармандар» менен «жыйылган топтор» коом таануу үчүн негизги маселе болуп саналат.

XX к. аны үйрөнүүнүн актуалдуулугу - тарыхый процесстин жүрүшүндө эл массаларынын ролунун жогорулашы жөнүндөгү классикалык марксизмдин рухундагы алдын-ала айтууларга карабастан — миллиондордун тагдырына таасир эткен согуштардан, революциялардан, кризистерден болгон социалдык кескин толкундоолордон улам чукул күчөдү. Ырас, тарыхый ишмерлердин («каармандардын») ысымдары менен байланыштуу маселелер келип чыкты: жетекчилер («каармандар») кандай деңгээлде тарых кыймылынын багытына таасир эте алышат? Саясий курстун бурулушу канчалык деңгээлде жол башчыдан («каармандан»), анын жолун жолдоочу жакындардан (структуралык жактан уюшулган жана моралдык жактан мобилизацияланган), кандай массалык маанайлар менен кыймылдардан көз каранды? Ага ылайык, жасалгандарды кандай бөлүштүрүү керек: күнөөнү баарын билген жана баарынан күчтүү «каармандарга» оодаруу керекпи же жыйылган топтун «биз эч нерсе билген эмеспиз» деген кебинеби, ошондой эле партия, репрессиялык аппараттар ж.б. түрүндөгү кайсы бир ортомчу (жана көп учурда аныктоочу) социалдык-саясий тармаккабы?

Тарыхтын кыймылдаткыч күчү катары «каармандар» теориясы XIX к. 40-жж. тартып, XX к. 40-жж. чейин эң жакшы аныкталган көрүнүш болгон. Ал Германияда М.Штирнердин, Англияда Т.Карлейлдин, кийинчерээк Орусияда П.Л. Лавров менен Н.К. Михайловскийдин ысымдары менен байланыштуу болгон. «Каарман» XX к. башындагы Орусиядагы маданияттын Күмүш доорунун борбордук фигурасы болгон. «Каармандын» сапаттары тентимиштерге (М. «Ошондуктан, — дешет алар, бардык техникалык кызматкерлер биригип, мамлекетти жалпы саботаж корку ну чу нун астына коюшса, алардын пайдасына дүйнөлүк революция иш жүзөгө ашат». 80-жж. башы жаңы техника - компьютерлердин пайда болушу менен жаңы Теориялык идеялардын келип чыгышына алып келди. Буга байланыштуу технократтык концепциялары «маалыматгык коом», «технотрондук коом», «техносфера-2» түзүү концепцияларына кайрадан түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8