Тепкич

Википедия дан

Тепкич, уступ – кен байлыктарды ачык жол менен казып алууда тоо тектерде жазалган горизонталдык тилке – карьер аянтынын тепкич сымал бөлүгү. Карьер тепкичтерге бөлүнүп казылат. Тепкич тоо кен машиналарынын 1 комплектисинин жардамы аркылуу жасалат. Эгерде, бургулап-жардыруу иштери колдонулса машиналар комплектисине бургулоо, заряддоо, жүктөө жана ташуу машиналары кирет. Ал эми, бургулап-жардыруу иштери колдонулбаса - казып-жүктөө техникасы (экскаватор) жана транспорт (автомобиль, темир жол же конвейер) пайдаланылат. Тепкич элементтери: тепкичтин горизонталдык бети, боору (Тепкичтин аянтчасынан жогору жана төмөн жайгашкан жактары, маңдай кыры (аянтча менен төмөн жаткан боордун чектешкен жери), арткы чеги (аянтча менен үстүнкү боордун ашташкан жери), забой (Тепкичтин астынкы аянтчасынан үстүнкүсүнө чейинки жумушчу бет. Андан тоо массасы казылып алынат), заходка (даярдалып жаткан тепкичтин жазылыгы). Бардык Тепкичтердин аянтчалары менен боорлорунун жыйындысы карьердин бортун түзөт. Кендин үстүн ачуу жана кен казуу жумуштары бүткөндөн кийин аянтчанын эни ичкертилип, берма деп аталат. Анын чоңдугу Тепкичтин бийиктигинин 30%инен кем болбошу керек. Берма карьердин пайдаланылбай калган бортунун туруктуулугун камсыздайт. Эгерде, берма тоо массасын ташып өтүүчү жол катары пайдаланылса транспорттук берма делет. Анын эни транспорт каражаттары өткөндөй жана тепкичтин туруктуулугун камсыздагандай болушу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]