Терабатиянын көпүрөсү

Википедия дан

"Терабатиянын көпүрөсү" (англ. Bridge to Terabithia) — сыйкырдуу токой падышалыгын жараткан жалгыз эки бала жөнүндөгү балдар адабияты чыгармасы. Кэтрин Патерсон жазган чыгарма 1977-жылы Thomas Crowell тарабынан басылып чыккан. 1978-жылы ал "Нүбери" сыйлыгына татыган. Патерсондун досунун уулуна 1974-жылдын август айында чагылган түшүп, ал романын жазыш үчүн ошол болгон окуядан эргүү алган.

Роман мектепте 5-класста окуган Жесси Ааронстун окуясын баяндайт. Ал өзүнүн жаңы коңшусу Лесли Бурке менен мектепте жарышта жеңилип дос болуп калат. Ал акылдуу, таланттуу, тартынбаган эркек мүнөз, бай үй-бүлөдөн чыккан кыз болот. Жесси ал туурасында жакшы ойдо болот. Ал болсо кедейирээк үй-бүлөдөн чыккан, чыгармачыл бала болот. Башында ал коркунчаак, ачуулуу жана маанайы чөгүңкү болот. Лесли менен жолугушкандан кийин анын жашоосу өзгөрөт. Ал кайраттуу болуп, өз нааразычылыгын жоё билгенди үйрөнөт. Алар өздөрү үчүн падышалык жаратышып, Лесли аны "Терабатия" деп атап коёт. Акырында Леслиге аябай кайгылуу нерсе болуп кеткенде Жесси ага чыдап, күчтүү болгонду үйрөнөт.

Китептин мазмуну көп жолу цензурага кабылып, Америка китепкана бирикмесинин 1990-2000-жылдары "Эң көп талаш-талкуу жараткан 100 китеп" тизмесинде 8-катардан орун алган. Көркөм чыгарма Австралияда, Канадада, Ирландияда, Жаңы Зеландияда, Бириккен Падышалыкта жана Америка Кошмо Штаттарында англис адабияты сабагында окутулат.

Китеп эки жолу экранга ылайыкташтырылган: биринчиси 1985-жылы PBS телеканалы үчүн тартылган тасма болсо, экинчиси 2007-жылы жарык көргөн Disney/Walden Media компанияларынын көркөм тасмасы болуп саналат.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]