Тергөө кароосу
Тергөө кароосу – кылмыш издерин жана башка буюмдай далилдерди табуу, окуянын жагдайын жана иш үчүн мааниси бар жагдайларды айкындоо максатында ишке ашырылуучу тергөө иш-аракеттери. Төмөнкү аракеттер жүргүзүлөт: окуя өткөн жерди кароо; өлүктү кароо; нерселерди, документтерди, мал-жандарды, окуя өткөн жер болбогон жерлерди жана орун-жайларды кароо. Айыпталуучунун (шектүүнүн), күбөнүн, жабырлануучунун күбөлөндүрүүсү Т. к-нун бир түрү. Т. к-нун ар бир түрүнүн, аны жүргүзүүнүн тактикасын аныктоочу өз өзгөчөлүгү болот. Ошентсе да, жүрүмдүк жана тактикалык мүнөздөгү бир катар жалпылыктары да бар. Алып айтсак, Т. к-н өткөрүүдө калыс күбөлөрдүн болуусу милдеттүү; тергөөчү Т. к-на катышууга айыпталуучуну, жабырлануучуну, шектүүнү, күбөнү, ал эми зарыл болгон учурларда адисти (сот медигин, криминалистти, товар жүгүртүүчүнү ж. б.) чакырууга (кээде милдеттүү) укуктуу. Объекттерди Т. к. алар табылган жерлер боюнча – өзгөчө учурларда гана – тергөө өндүрүшүнүн жеринде жүргүзүлөт. Т. к. жүрүшү жана жыйынтыктары мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынуусу тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7