Мазмунга өтүү

Терексуу кени

Википедия — ачык энциклопедия

Терексуу кени - Токтогул районунун аймагындагы курулуш кумунун кени жаткан жер.

Узунакмат суусунун сол куймасы - Терексуунун өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 1020 м бийиктикте жайгашкан. Кум төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон; кварц-талаашпаттуу, ири бүртүкчөлүү, чоңдугунун модулу 3,1; өңү саргыч-боз. Кум кошумчасы менен бетон толтуруучу материал катары пайдаланса болот. Божомолдуу запасы Pj категориясы боюнча 1 млн м3. Кенди жергиликтүү курулуш мекемелери пайдаланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5