Терек-сай кен иштетүү филиалы

Википедия дан

Терек-сай кен иштетүү филиалы “Кыргызалтын” Ачык акционердик коомуна карайт. 2002-жылы Терек-Сай кен башкармалыгы жана Чаткал геологиялык чалгындоо партияларынын базасында түзүлгөн.

  • 1967-1980-жылдары Терек-Сай кен башкармалыгы,
  • 1980-2002-жылдары Чаткал чалгындоо партиясы, Чаткал геологиялык экспедициясы аталган.
  • 1936-жылы 45-жылдары “Победа”, “Новый путь”, “1-Май” майда артелдери уюшулуп, алар кийин “Терек” артелине биригишкен.
  • 1934-жылы Терек-Кан (алтын, күмүш),
  • 1941-жылы Терек сурьма кендеринин ачылышы менен Терек-Сай кен башкармалыгында,
  • 1950-2001-жылдары Терек кенинде мамлекеттик деңгээлде сурьма өндүрүлүп, Кадамжай сурьма комбинатына жөнөтүлүп турган.
  • 1950-жылы мурдагы майда старателдик 4 артелдер Терек-Сай кен башкармасына биригип, Кадамжай сурьма комбинатына караган.
  • 1956-жылы кен байытуу фабрикасы курулган.
  • 2002-жылдан сурьманын запастарынын азайгандыгына байланыштуу ишкана алтын-сурьма кендерин иштетүүгө өткөн (“Терек кенинин “Межпластовый”,
  • 2011-жылдан “Алыскы” участкалары).
  • 2002-13-жылдарда Терек-Сай кен иштетүү ишканасы 1.99 тонна алтын флотоконцентатын казып алып, 550,3 млн сом таза киреше тапкан.
  • Учурда кен өндүрүү менен катар эле, анын жаңы булактарын табуу максатында Чаарташ, Чапчыма кендерин чалгындоо-баалоо иштерин жүргүзүп келет.
  • Терек-Сай кен башкармасы уюшулгандан тарта аны Л.Я.Каин, И.Д.Перлин, М.П.Медведев, Чантурия, Калчиков, А Э.Турдубаев, Н.Мусаев, Ю.И.Хабаров, .М.Атаманов (1976-85), Т.Төлөмүшев (1985- 97), А.Кимсанов (2002-11), Ө.К.Исмаилов жетектеген.

Учурда Б.К.Субанов жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6