Тери сырьёсу

Википедия дан

Тери сырьёсу - бакма жана жапайы айбандардын, деңиз жаныбарларынын, балыктын жана рептилиянын булгаары жасоодо пайдаланылчу териси.

Белгилүү түрдөгү булгаары жасоо үчүн теринин жарактуулугу, аны ийлеенун өзгөчөлүгу, теринин калыддыгы, калыңдык бирдейлиги, чоңдугу, массасы, тыгыздыгы, эпидермасынын жана жүнүнүн калыддыгы, тери булаларынын чырмалыш мүнөзү, тери астындагы клетканын калыддыгы жана абалы, топографиялык участкаларынын өнүгүшунүн өзгөчөлүктөрү жана даражасы, белоктуу заттардын составы, касиеттери, кемчилиги боюнча аныкталат. Теринин жогорку касиеттерине айбандын түрү, тукуму, жынысы, жашы, багуу жана жашоо шарттары, союш мезгили, ыкмасы, терини сыйруунун жолу жана сакталышы таасир этет.

Тери сырьёсу майда, ири жана чочко териси болуп бөлүнөт. Тери сырьёсунун сапаты органолептикалык, микробиол., гистологиялык жана хим. методдор менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.