Термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнга катышуучулардын саны 2—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, дем алчуу жер, дарактуу жер, спорттук оюндарды өткөрүүчү жер.
Оюнда селкинчек колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар селкинчекти тургузушкандан кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар кезектери келгенде, бирден селкинчекти буттарында туруп тебип жатышын алыстыкка секирип түшүүгө аракеттенишет. Оюн 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Селкинчек тебип жатып, алыстыкка секирип түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Селкинчекке, секирип турчу жерге жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, көпкө чейин термелүүгө болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Секирип түшчү жер жумшак, башка буюмдарсыз болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда күч, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, кыймылдарды башкарууга, чечкиндүүлүккө, секирип түшүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.