Термелүү кыймылы
Көрүнүш
Термелүү кыймылы – бирдей убакыт аралыгында мезгилдүү так же болжолдуу кайталануучу кыймыл. Термелүү кыймылы биздин жашообузда эң кеңири тараган. Мисалы, бак-дарактардын, комуз кылынын кыймылы, жердин титирөөсү, жүрөк жана кан тамырлардын согушу ж. б. термелүү амплитудасы (А), термелүү мезгили (Т), термелүү жыштыгы (v), Термелүү кыймылынын ылдамдыгы (и) Термелүү кыймылынын негизги мүнөздөмөлөрү болуп эсептелет. Термелүү кыймылынын эн жөнөкөй түрү эркин термелүү болуп саналат. Термелүү кыймылын окуп үйрөнүү үчүн маятник пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9