Терминатор: Генезис

Википедия дан

"Терминатор: Генезис" (англ. Terminator Genisys) Америкада 2015-жылы чыккан илимий-фантастикалык жана экшн жанрындагы тасма. Режиссеру Алан Тейлор, сценарийин жазгандар Лаэта Калогридис менен Патрик Люсcе. Тасма Терминатор франшизасынын 5-сериясы. Кинофильмде өз ролун жараткан Арнолд Шварценеггерден тышкары жаңы актёрдук топту жана алгачкы эки сериядагы каармандардын кайтып келгенин көрүүгө болот. Тасмада Шварценеггер, Жейсон Кларк, Эмилия Кларк жана Жай Кортни тартылышкан. Фильмде аскер Кайл Риз Скайнетке каршы согушуп жаткан болот: Кайл 2029-жылдан 1984-жылга жиберилет. Аны "Адамзаттын туруштук бериши" уюмунун башчысы Жон Коннор өз энеси Сараны Скайнеттин андроид агентинен куткарыш үчүн жөнөтөт. Качан гана Кайл өтмүшкө барганда убакыт түрмөгү алмаштырылып калганын билип калат. Сара болсо кайрадан программаланып калган болот. Скайнеттин жаңы өнөктөштөрү менен бирге ишке киргизе турган коркунучтуу схемасын токтотуш үчүн Кайл 2017-жылга барышы керек болот.

Меган Эллисон менен анын Annapurna Pictures өндүрүш компаниясы франшизанын бардык укуктарын 2011-жылдын май айында өзүнө алган. Кийинки эле жылы бул сериядагы дагы бир тасма (Эллисондун агасы Дэвид ээлик кылган) Skydance Productions менен биргеликте тартылган. Эллисондор Терминатордун жаратуучусу Жеймс Кэмеронго түп нуска Терминатор тасмасын жана анын сиквели "Терминатор 2: Акыр заман" кылып тартуу ниетинде кеңеш сурап кайрылышкан. Негизги тасма тартуу иштери Нью Орлеанста болгон. Айрым кадрлар Сан Францискодон тартылып алынган. Тасманын визуалдык эффекттерин алты компания колго алган: протез жасоо жана аниматроникалары Legacy Effects алектенген, ал эми студия "Терминатор" ардагери Стан Уинстон тарабынан негизделген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]