Термодинамиканын 1-башталышы
Термодинамиканын 1-башталышы − энергиянын сакталуу жана айлануу законунун жалпы түрдө берилген термодинамикалык аныктамасы: Q = ΔU+A.
Системага берилген жылуулук саны (Q) анын ички энергиясын өзгөртүүгө (ΔU) жана жумуш (А) аткарууга сарп кылынат, б. а. башка системалардан ушул системага же ушул системадан башка системаларга жалпы учурда, энергия, жумуш жана жылуулук саны түрүндө берилет. Ички энергия (U) системанын абалынан функция, б. а. U система абалын өзгөртүү жолуна көзкаранды эмес. Ал эми Q жана A чоңдуктары тескерисинче система абалын өзгөртүү жолуна көзкаранды. Адатта Термодинамиканын 1-башталышына төмөнкүчө аныктама берилет: 1-түрдөгү түбөлүк кыймылдаткычтын, б. а. өзүнүн ички энергиясынын гана эсебинен “түбөлүк “ жумуш аткара турган машинанын болушу мүмкүн эмес.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0